Стамбулду каптаган бороон төрт адамдын өмүрүн алды (видео)

Түркиянын Мраморномор аймагын эң күчтүү бороон каптады.

Daily Sabah гезитинин маалыматына караганда, кырсыктан төрт адам каза болгон. Маалыматка караганда, аял менен баланы урап түшкөн чатырдын сыныктары басып калган.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дагы 40 киши жаракат алды.

Социалдык тармактарда Чаталжедеги (Стамбул району) мунаранын урап түшүшүнүн видеолору жарыяланып жатат.

Түркиянын метеорологиялык кызматы Мрамор деңизиндеги бир катар провинциялар үчүн бороон коркунучу тууралуу эскертүү берди. Шамалдын ылдамдыгы саатына 80 чакырымга жеткени кабарланууда. Бороон үйлөрдүн чатырларын учуруп, курулуштарды бузуп, бак-дарактарды кулатты. 

Катуу шамаал жүк ташуучу унааларды дагы оодарды.

Түркиянын жээк коопсуздук кызматы Босфор кысыгында кемелердин кыймылын токтотуп, бороондон улам Turkish Airlines авиакомпаниясынын бир нече учагы Стамбулга коно албай, Анкара менен Измирге жөнөтүлдү.

Комментарий жиберүү