Суданда аскердик төңкөрүш болуп, премьер-министр жана коалициянын лидерлери камалды

Бүгүн, 25-октябрда Судандын баш калаасы Хартум шаары толугу менен аскерлер тарабынан курчоого алынып, Эгемендүүлүк кеңешинин айрым мүчөлөрү менен өткөөл өкмөттүн кээ бир министрлери аскердик күчтөр тарабынан камакка алынды.

Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Маалымат министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук менен коалициялык өкмөткө мүчө партиялардын лидерлери да аскерлер тарабынан кармалды.

Маалыматка караганда, өлкөдө жарандык активисттер элди көчөгө чыгып, аскердик күчтөргө каршы турууга үндөөдө. Хартум шаарынын айрым аймактарында нааразылык акциялары башталган. Айрым жолдордо демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөшкөн.

«Коммерсантъ» гезити борбор калаага кире турган жолдор жана шаардагы көпүрөлөр жабылып, Судандын баш калаасынын бир катар райондорунда интернет өчүрүлгөнүн маалымдады.

Эскерте кетсек, Суданда 2019-жылы дагы аскердик төңкөрүш болуп, президент Омар ал-Башир бийликтен кулаган. Өлкөдө Эгемендик Кеңештин башчысы Абдель Фаттах аль-Бурхан өкүлдүк кылган аскерий жана премьер-министр Абдулла Хамдук өкүлү болгон жарандык деген бийликтин эки бутагы түзүлгөн.
Эки тармак тең 2021 -жылдын ноябрына чейин өлкөдө өткөөл мезгил күчүндө болот деп макулдашкан.

Комментарий жиберүү