Сууну жетишээрлик керектөө жүрөк оорусунун алдын алат

Аялдарга күнүнө 1,6дан 2,1 литрге чейин суу ичүү сунушталса, эркектер үчүн күнүмдүк суунун керектелиши 2ден 3 литрге чейин жетет.

Европалык кардиология коомунун 2021-жылдагы конгрессинде сунушталган изилдөөлөргө ылайык, өмүр бою сууну керектүү өлчөмдө колдонуу дененин суусуздануусун алдын алат жана бул жүрөк жетишсиздигинин коркунучун төмөндөтөт.
Белгилей кетсек, изилдөөнүн жүрүшүндө дарыгерлер сууну жетишээрлик керектөө жүрөк оорусуна алып келүүчү өзгөрүүлөрдү алдын алат же жок дегенде жайлатат деген жыйынтыкка келишкен.
Кардиологдор аялдарга күнүнө 1,6дан 2,1 литрге чейин суу ичүүнү сунуштаса, эркектер үчүн күнүмдүк суунун керектелиши 2ден 3 литрге чейин сунушталат.
Дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, тилекке каршы көптөгөн адамдар күнүмдүк сууну керектөөнүн минималдуу деңгээлине жете алышпайт.

Комментарий жиберүү