С. Жапаров Р. Эрдоган менен жекеме жеке жолугушканда эмнелерди сүйлөштү?

Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  9-июнда, Анкара шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу тет-а-тет форматында өттү.

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышат.

Комментарий жиберүү