Тажикстанда Иран полициясынын өкүлчүлүгү ачылат

Душанбеде Иран полициясынын өкүлчүлүгү, ал эми Тегеранда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү ишке кирет.

Тегеранда Тажикстандын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рамазон Рахимзода менен Ирандын полиция башчысы, бригадалык генерал Хусейн Аштаринин жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинин басма сөз борбору маалымдады.

Ведомстволордун жетекчилери коопсуздук жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

“Кызматташтыкты бекемдөө максатында Тажикстанда Иран полицисынын өкүлчүлүгүн, ал эми Иранда Тажикстандын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу сунушталды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, Рахимзода менен Аштари укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү, кылмышкерлерди издөө жана камакка алуу, Интерполдун Борбордук улуттук бюросу жана соттук-медициналык экспертиза алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Тажикстандын Ички иштер министри Ирандын укук коргоо күчтөрү өз ишмердүүлүгүн кандай жүргүзүп жаткандыгын көрүп, ал тургай курал-жарак жана оор аскер техникалары коюлган аскердик техникалардын көргөзмөсүнө барды.

Белгилей кетсек, дал ушул орган Ирандагы ар кандай атайын операцияларды, анын ичинде башаламандыктардын алдын алуу, уюшкан кылмыштуу топторду нейтралдаштыруу жана баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы туруу жаатында иш-аракеттерди жүргүзөт.
Тажикстандын Ички иштер министринин Иранга болгон жумушчу сапары уланууда.

Комментарий жиберүү