Тажикстан Жерге-Тал районунан кыргыздарды депортация кылууда

Тажикстан Жерге-Тал районундагы кыргыз паспорттуу жарандарын депортациялай баштады.

Бул тууралуу жергиликтүү тургандар билдиргенин 24.kg сайты жарыялады.

Тургундардын айтымдарында, акыркы жумада тажик бийлиги паспорттук көзөмөлдү күчөттү.

«Кимде Кыргызстандын жарандыгы болсо, текшерип, аларды шарт эле район борборуна алып кетишүүдө. Анан алар кыргыз жарандыгынан баш тартып, токтоосуз тажик жарандыгын алууну талап кыла башташты. Мындай талапка көнбөгөндөрдү Ош обулсунун Чоң-Алай районундагы “Кара-Мык” өткөрүү пункту аркылуу депортация кыла баштады. Алар буюмдарын алганга да жетишпей жатышат”,- дейт тургун.

Анын кошумчалаганындай, Жерге-Тал районунда 30 миң этникалык кыргыз жашайт. Кыргызстандын жарандыгын алгандардын көбү жаштар.

“Мурда кыргыз жарандыгы менен мигрант деген аныктама алып, эркин эле жашап, иштеп жүрүшкөн. Бул жакта алардын ата-энелери, туугандары жашайт. Бирок азыр абал өзгөрүп кетти. Акыркы убактарда кыргыз тилдүү мектептердин саны кыскарып, аларда тажик тилинде билим бериле баштаган”,- дейт ал.

Мурда маалым болгондой, Тажикстан бийлиги кыргыз райондорундагы кыргызча аталган жер-суу аттарын тажик тилине которо баштаганы да коомчулуктун нааразылыгына алып барган.

Буга чейин социалдык тармактар аркылуу ал жактагы кыргыздарды ак калпагын кийип келүүсүн айтып, тажик бийлиги Кыргызстан менен чыгарган чырга тилектештигин билдирүүгө мажбурлап жатканы тууралуу кабар тараган.

Тажикстанда Жерге-Тал жана Мургап аттуу эки кыргыз району бар. Алардын аймагы бүт Тажик Республикасынын дээрлик 37 пайызын түзөт.

Фото: Тажикстан, Жерге-Тал району, Кыргыз менен тажик ынтымакта турганы, 2018

Комментарий жиберүү