Тажиктер кыргыз аскерлеринин сөөктөрүн кордоп, кулактарын кесишкен

Тажиктер кагылышууда каза болгон кыргыз аскерлеринин сөөктөрүн кордоп, кулактарын кесишкен.

Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Ал кагылышууга тажик тараптан катышкандардын арасында террордук топтордун мүчөлөрү, оогандар да болгонун билдирди.

“Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип… Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Согуштук аракеттерге катышкандардын арасында жүргөндөрдүн бирөө Ооганстандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады. Андыктан кол салган тараптата экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү, башка өлкөдөн жалданып келген адамдар жүрдү деп айта алабыз. Алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүрүшкөн”, – деди Иманкулов.

Анын айтымында, Кыргызстандык коопсуздук тармагындагы өкүлдөрү Тажикстандын кол салууга даярданып жатканынан кабардар болгон, бирок масштабы мынчалык болот деп күтүшкөн эмес.

Коопсуздук кеңешинин катчысы куралчан топ эч кимге баш ийбей аскер күчтөрдү да, жай тургундарды да ылгабай аткылап, чек арачыларды эле эмес элди эвакуациялап жаткан ӨКМ кызматкерин да өлтүрүп, сөөгүн кордошконун белгиледи.

Акыркы маалыматтар боюнча, Баткенде тажик тараптын кол салуусунан 59 кыргызстандык каза болду, алардын арасында жай тургундар да бар.

Жаракат алган 169 киши Ош жана Бишкектеги ооруканаларга жеткирилип жатат.

18-сентябрда атышуу токтогон, бирок чек арада абал чыңалган бойдон турат.

Комментарий жиберүү