Тажик тарап Төрт-Көчө участогун кайра жаап салды. Чек арада алардын аскердик техникалары байкалууда

Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен районунун Төрт-Көчө участогун кайра жаап алды.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-майда, саат 11:30дар чамасында тажик тарап жолго шагыл төктү. Алар өз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасына жакын жеринде аскердик техникалары турганы да катталды. Чек ара кызматынын маалыматында учурда абал салыштырмалуу чыңалуу таризде турат.

Ошол эле учурда коомдук сайттарда, Лейлектин Арка деп аталган жеринде ок атылганы тууралуу да маалыматтар жарыяланды.

Ал эми Тажик тарап расмий маалымат тарата элек.

Чек ара чыры башталгандан кийин тажик тарап Кыргызстандын Төрт-Көчө участкасын жаап салган. Кийин маселени тынчтык жолу менен чечүү максатында өткөрүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кечээ, 30-апрелде ачкан болчу.

Комментарий жиберүү