Тайванда катуу жер титиреп, жолдор бузулуп, поезд рельстен чыгып кетти.

Тайванда эки күн катары менен күчү 7,2 жана 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталып, олуттуу кыйроолорго алып келди.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Тайвань аралында кечээ, 18-сентябрда болгон күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөөнүн кесепетинен бир адам каза болуп, 142си жаракат алган.

Жер силкинүүнүн күчү бүт аралда сезилген. Ошондой эле Тайван кысыгынын аркы өйүзүндө жайгашкан Фуцзянь, Чжэцзян жана Гуандун провинцияларында да байкалган.

  • Кырсыктын кесепетинен бир катар имараттар урап, эки көпүрө жарактан чыгып, бир поезд рельстен чыгып кеткен. Электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, Хуалянь жана Тайдун округдарында мектептер убактылуу жабылды.

Жер силкитнүүдөн кийин метеорологиялык кызматтар Япониянын Миякодзима аралында цунами коркунучу бар экенин эскертишти.

Ал эми бүгүн, 19-сентябрда эртең менен аталган аралджа кайрада күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Социалдык тармактар жер титирөө учурунда тартылган видеолор тарады. Алардан имараттардын дубалдары титиреп, люстралардын, сүрөттөрдүн жана эмеректердин солкулдап жатканын көрүүгө болот.

Эске салсак, 1999-жылдын 21-сентябрында Тайвань аралында эң кыйраткыч жер титирөө катталган. Анын күчү 7,6 баллга жетип, 2,4 миңге жакын адам каза болуп, 11 миңден ашуун адам жабыр тарткан. Табигый кырсык келтирген экономикалык зыян 9,2 миллиард долларды түзгөн.

Комментарий жиберүү