Талибандардын Иран жетекчилери менен жолугушуусу кандай өттү?

Иран ТИМ жетекчиси: Биз бардык тараптардын катышуусундагы көп багыттуу Ислам мамлекетин колдойбуз

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф Талибан кыймылынын  лидеринин саясий орун басары жана аны коштогон делегация молдо Абдул Гани Барадар  менен Тегеранда жолугушту.
 “Биз бардык улуттардын, диндердин жана партиялардын катышуусу менен инклюзивдүү Ислам мамлекетин колдойбуз”,- деди Ирандын тышкы иштер министри Талибандын саясий делегациясы менен жолугушуу учурунда.
Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап аймактагы актуалдуу маселелер, Ооганстандагы ички кырдаал жана өлкөдөгү тынчтык жараянын алдыга жылдыруу боюнча пикир алышты.
АКШнын Ооганстандагы аракеттерине токтолуп, Мухаммад Жавад Зариф: “АКШ жакшы арачы жана башкаруучу эмес”,- деп баса белгиледи. Иран ТИМ жетекчиси мындай деп кошумчалады: “Биз бардык этностордун жана диндердин катышуусунда инклюзивдүү исламдык өкмөттү колдойбуз жана ушундай курамдагы коом Ооганстан үчүн зарыл деп эсептейбиз.”
 “Ооганстандын эли өзүңөрдөн жана операцияларда жөнөкөй эл бутага алынбашы керек”,- деди ал.
Ирандын Тышкы иштер министри Ооганстандын Конституциясына жана тутумуна шилтеме жасап: “Биз боштуктагы шарттарды карай албайбыз жана бул шарттар келечектеги биргелешкен өкмөткө жетишүү үчүн каралышы мүмкүн”,- деди.
Эске салсак, Тегеранда Талибандын саясий делегациясынын болушу менен бир эле мезгилде, “Шер Мухаммад Аббас Станакзай” башында турган Талибандын дагы бир көз карандысыз делегациясы Москвада иш сапары менен жүрүүдө.
 Буга чейин Талибандын саясий лидеринин орун басары Индонезиянын экс вице-президенти Юсуф Кала менен жолугушууда, Ооганстандагы тынчтык жараяны ийгиликтүү болушу үчүн өз өлкөсү мусулман өлкөлөрүнүн кызматташтыгына муктаж экенин билдирген эле.
Ушуга байланыштуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги өткөн аптада жасаган билдирүүсүндө, Талибандын делегациясы Тегеранга иш сапары менен барарын жарыялаган.
Ал бул сапардын максаты – Иран менен кеңешип, аймактык ок атышууну токтотуу боюнча кеңири консенсуска жетишүү жана “Ислам өлкөсү” тутумунун алкагында ар тараптуу тынчтык келишимин түзүү жана ошондой эле Ооганстан  Конституциясынын баалуулуктарын сактоо деп билдирди.
 Ооганстандын Жогорку Элдешүү Кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла, Талибандын Тегеранга сапарын Ооган өкмөтү координациялагандыгын баса белгилеп, кеңешүү жана тынчтыкты орнотуунун алдын-ала шарты катары өлкөдө ок атышууну токтотууга чакырган.
 Анын айтымында, ооган элинин тынчтык жараянындагы эң маанилүү талабы – жалпы улуттук ок атууну токтотуу жана акыркы жыйырма жылдагы баалуулуктарды сактоо.

Комментарий жиберүү