«Талибандын» лидери Барадар 2021-жылдын эң таасирдүү 100 адамдын катарына кирди

Америкалык Time журналы 2021-жылга карата дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын тизмесин жарыялады. Журнал 100 таасирдүү адамды “Титандар”, “Новаторлор”, “Искусство ишмерлери”, “Лидерлер”, “Ойлоп табуучулар” жана “Кумирлер” деген категорияларга бөлгөн.

Бул жылы Ирандын президенти Ибрагим Раиси“Лидерлердин” катарына Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башчысы Нгози Оконжо-Ивеала, Италиянын премьер-министри Марио Драги, АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун башчысы Рошел Валенски, Сальвадордун президенти Найиб Букеле жана Ооганстандын өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар кирди.

Экинчи жыл катары менен бул категориянын тизмесине Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин, АКШнын президенти Жо Байден, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, АКШнын вице-президенти Камала Харрис кирди.

Time журналы “Титандардын” катарына Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту, гимнастика боюнча Олимпиаданын төрт жолку чемпиону америкалык Саймон Байлзты, эң атактуу америкалык жеңил атлетчи Эллисон Феликсти жана башкаларды киргизди.

“Новаторлор” категриясына ырчы Билли Эйлиш, Жордж Флойд Бен Крамптын үй-бүлөсүнүн адвокаты, Эл аралык энергетикалык агенттиктин башчысы Фатих Бирол жана кениялык активист, Goldman сыйлыгынын ээси Филлис Омидо жана башкалар киришти.

“Искусство ишмерлеринин” катарына актерлор Омар СиСкарлетт ЙоханссонКейт УинслетХлою Чжао кирди.

“Кумирлердин” арасында – британиялык ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл, теннисчи Наоми Осака, ырчы Бритни Спирс жана башкалар бар.

“Ойлоп табуучулар” категориясына SpaceXтин негиздөөчүсү Илон Маск, Nvidia компаниясынын башкы директору Женсен Хуанг, “General Motors” компаниясынын башкы директору Мэри Барра жана башкалар кирди.

Комментарий жиберүү