«Талибан» аба күчтөрүнүн алгачкы машыгуусун өткөрдү (видео)

Ооганстанда бийликти колго алган “Талибан” кыймылы түндүктөгү Балх провинциясында өзү түзгөн аба күчтөрүнүн алгачкы аскердик машыгууларын өткөрдү.

Бул тууралуу ооганстандык TOLOnews телеканалы билдирди.

Аба күчтөрүнүн командачысы Амануддин Мансурдун айтымында, маневрларда АКШ мурдагы өкмөткө берген америкалык МDлар жана орусиялык Ми-17 тик учактары колдонулду. Ал мурдагы аскер-аба күчтөрүнүн жоокерлери өзгөчө техникалык персонал учурда Балх провинциясында “Ооганстан Ислам Эмиратынын” аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөшөрүн белгиледи.

Мындаш тышкары, Мансур мурдагы бийликтин тушунда кызмат өтөп, бирок өлкөдөн качып кеткен учкучтар Ооганстанга кайтып келиши керектигин баса белгиледи.

“Өлкөдөн чыгып кеткендерди кайра кайтып, элине кызмат кылуусун суранабыз. Алар кайрадан аскер-аба күчтөрүнө алынат”, – деди “Талибандын” аскердик-аба күчтөрүнүн командири.

Буга чейин 23-октябрда “Талибандын” убактылуу кабинетинде коргоо министринин кызматына дайындалган Мухаммад Якуб Мужахид кыймыл армияны түзүү жараянын баштаганын жана аны заманбап курал-жарак менен камсыздоону пландап жатканын билдирген.

Катардын “Al Jazeera” телеканалынын маалыматына караганда, “Талибан” армиясынын түзүлгөндүгүнүн белгилери Ооганстандын бир катар аймактарында, анын ичинде өлкөнүн чыгышындагы Хост жана Нангархар провинцияларында жана түндүгүндөгү Балхта байкалган. Теги: 

Комментарий жиберүү