“Талибан” АКШ долларын Ооганстандан тышка алып чыгууга тыюу салды

Талибандын” өкүлү АКШ долларын жана байыркы буюмдарды чет өлкөгө чыгарууга тыюу салынганын жарыялады.

Белгилей кетсек,  “Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахид Твиттерде Ооганстандан АКШ долларын жана байыркы буюмдарды тышка чыгарууга тыюу салынганын билдирди.
“Талибандын” өкүлүнүн айтымында, табылган ар бир байыркы буюмдар дароо конфискацияланып, мыйзам бузгандар жоопко тартылат.

Эске салсак, “Талибандын” Ооганстандын чоң бөлүгүн, айрыкча Кабулду көзөмөлдөшүнөн улам тургундар Кабулдун эл аралык аэропортуна кол салып, өлкөдөн ар кандай жол менен чыгып кетүүгө аракет кылды. Ошол эле учурда талиптер ооганстандыктарды үйлөрүнө кайтууга үндөп, алар көзөмөлдөгөн аймактардын жашоо-шарты кадимкидей калыбына келе баштаганын айтышууда.

Комментарий жиберүү