Талибан аялдарга дагы бир тыюу салды

 Ооганстандын бийлигинде турган “Талибан” кыймылы аялдарга улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тиешелүү документ Ооганстандагы бардык бардык жергиликтүү жана чет элдик бейөкмөт уюмдарга жөнөтүлгөн. Эгер бул жобо бузулса, “Талибан” өкмөтү уюмдун иштөөгө уруксатын жокко чыгарышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, мындай чечимдин кабыл алынышына айрым аялдардын Исламдын дресс-коддун сактабаганы себеп болгон. 

Бирок, бул эреже уюмдардын чет элдик кызматкерлерине тиешелүүбү же жокпу белгисиз.

Евробиримдик талиптердин аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине тыюу салышын айыптап, бул коомчулуктун Ооганстанга көрсөткөн жардамына терс таасирин тийгизерин билдирди.”Европа Биримдиги талибдердин аялдардын улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салуу боюнча акыркы чечимин кескин айыптайт”, – деди ЕБдин дипломаты Жозеп Борреллдин басма сөз катчысы Набила Массрали.Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен талиптердин аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салуу чечими “ооган эли үчүн кыйратуучу кесепеттерге алып келиши мүмкүн” деген пикирин билдирди.”Талибандын Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирген аялдардын ишине тыюу салуусу миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуучу жардамдын жеткирилишин үзгүлтүккө учуратат деп терең тынчсыздануудамын. Аялдар дүйнө жүзү боюнча гуманитардык операцияларда негизги ролду ойнойт”, – деп жазды Блинкен Твиттерде.

Талиптер өткөн жылы августта бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын сактоого убада берип, бирок көп өтпөй аларга карата түрдүү чектөөлөрдү киргизе башташкан.

2021-жылы сентябрда алар университеттер үчүн жаңы эрежелерди киргизишкен: эркектер менен кыздар өз-өзүнчө окуп, бардыгы талиптердин түшүнүгүндөгү исламдын эрежелерин сактап кийинүүгө милдеттендирилген.

Мындан тышкары, жаңы өкмөт 20 жылдан бери иштеп келген Аялдар иштери боюнча министрликти жоюп, кыздардын мектептеги окуусун чектеп, аялдырдын спорт менен алектенүүсүнө тыюу салып, телеканалдардагы алып баруучуларды эфирге хижаб кийип чыгууга милдеттендиришкен.

Өткөн аптада болсо Билим берүү министрлиги студент кыздардын мамлекеттик жана жеке университеттерде окуусуна тыюу салган.

Министрлик кыздардын светтик университеттерде билим алуусу исламдын мыйзамдарын бузуп, ислам салттарына каршы келерин билдирген.

Комментарий жиберүү