«Талибан» аялдар иши боюнча министрликке эркектердин гана кирүүсүнө уруксат берди

“Талибандын” өкүлдөрү Кабулдагы Аялдар иштери боюнча министрликте иштеген аялдарга  жумушка кирүүгө уруксат беришкен жок. Ошол эле учурда, эркек кызматкерлерге ведомствого кирүүгө уруксат берилгенин министрликтин кызматкерлеринин бири РИА Новостиге билдирди.

“Төрт аялга имаратка кирүүгө уруксат берилген жок”, – деп айтылат маалыматта.

РИА Новости билдиргендей, аялдар министрликтин имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүүнү пландап жатышат.

Ооганстанда талиптердин мурунку бийлиги учурунда (1996-2001) аялдардын укуктары чектелген. Аларга макияж колдонууга, коомдук жайларда жүзүн көрсөтүүгө, радиодо, телекөрсөтүүлөрдө ошондой эле эркек туугандарынын коштоосусуз көчөдө жүрүүгө тыюу салынган.

Августтун орто ченинде “Талибан” Кабулду басып алгандан кийин, аялдардын укуктары шариатка ылайык корголот деп убада беришкен эле.

Комментарий жиберүү