«Талибан» аялдар катышкан сериалдарды көрсөтүүгө тыюу салды

Ооганстанда бийликке келген “Талибан” кыймылынын мүчөлөрү өлкөдө аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салышты.

Бул тууралуу өлкөнүн Ислам багыты министрлиги билдирди.

Эми бардык телекөрсөтүү ЖМКлары эфирге чыгарып жаткан программалары шарияттын мыйзамдарына жана моралдык нормаларга дал келип жатканын карап турушу керек. Көңүл ачуучу программалар динди мазактабашы керек, ал эми кадрда иштеген аялдар сөзсүз башына жоолук салынышы керек.

“Аялдар катышкан телесериалдарды көрсөтүүгө тыюу салынат. Эркектер менен аялдар жарым жылаңач болуп тартылган тасма, клиптерди көрсөтүүгө да тыюу салынат”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Мындан тышкары, министрлик Батыштын маданиятын, жашоо образын пропагандалаган тасмаларды көрсөтүүгө да тыюу салган. Ошондой эле Мухаммед пайгамбарды сүрөттөгөн кадрларды көрсөтүүгө болбойт.

Комментарий жиберүү