«Талибан» Барадардын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты

Радикалдуу “Талибан” кыймылы Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн башчысынын орун басары Абдул Гани Барадар өлтүрүлгөн же жарадар болгон деген маалымат каражаттарында чыккан маалыматтарды четке какты.

Бул тууралуу “Талибандын” Катардагы саясий кеңсесинин расмий өкүлү Мухаммад Сохаил Шахин брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, бул маалыматтар негизсиз жана чындыкка дал келбейт. Шахин аларды кескин түрдө четке кагарын баса белгиледи.

Буга чейин талиптер Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамын жарыялаган. Өкмөттүн башчысы болуп кыймылдын негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Мухаммад Хасан Ахунд дайындалган. Анын орун басары болуп талиптердин саясий канатынын лидери, талаа командири Абдул Гани Барадар дайындалган.

Буга чейин Ооганстандын жаны өкмөтүнүн вице-премьери Абдул Гани Барадар ички чырдан улам өлгөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Мындай маалыматтар Барадар акыркы бир нече күндөн бери көрүнө электигинен жана 12-сентябрда Кабулда Катардын тышкы иштер министри менен жолугушууга катышпагандан кийин пайда болгон. Барадар анын тарапкерлери жана экстремисттик Хаккани түйүнүнүн ортосундагы чырдан улам өлтүрүлгөнү кабарланган.

Кыймылдын саясий бюросунун басма сөз катчысы Мухаммад Наим бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын жана Барадар тирүү экенин айтты.

“Талибан” Барадар өзүнүн өлүмү тууралуу кабарды четке каккан аудио-файлды жарыялады. Бирок, оогандыктар өкмөткө ишенбей, далил катары анын видеосун жарыялоосун талап кылышууда.

Комментарий жиберүү