«Талибан» музыка угууга жана аялдардын үйдөн чыгууларына тыюу салды

«Талибан» кыймылы акырындык менен өлкөдө шарыят мыйзамдарын орнотууга кадам таштады.

Музыкага тыюу салынат жана аялдарга азырынча үйлөрүнөн чыгууга тыюу болот, анткени талиб күчтөрү аялдарга коомдо туура мамиле кылууга али үйрөтүлө элек.
Бул тууралуу кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид New York Times басылмасына берген маегинде билдирди.
«Исламда музыкага тыюу салынган. Бирок биз адамдарды кысым көрсөтүүнүн ордуна мындай нерселерди жасабоого көндүрө алабыз деп үмүттөнөбүз », – деди ал.
Ал эми аялдардын үйдө отуруулары боюнча мындай деп билдирилди:
“Толук коопсуздук камсыз кылынмайынча, биз аялдардан үйдө калууну суранабыз”, – деди Мужахид.
Белгилей кетсек, буга чейин «Талибандын» өкүлдөрү аялдарга активдүү жашоо образына уруксат берерин айтышкан, бирок шариат мыйзамдарына ылайык гана.
Учурда Ооганстанда талибандар аркылуу аялдарга эркек тууганысыз жана бүт денесин жапкан кийимсиз көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындан тышкары, аялдарга жумуштун айрым түрлөрүнө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында иштөөгө тыюу салынат.

Комментарий жиберүү