Талибан Ооганстандын ЖМКсына жаңы чектөөлөрдү киргизди

 Талибан ооган медиа кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө жаңы чектөөлөрдү киргизди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, Ооганстанда мындан кийин  эркек жана аял алып баруучулар программаларды чогуу алып баруусу мүмкүн эмес.

Ошондой эле, телеканалдардын директорлоруна жаңы буйрук берилип, ага ылайык, эми аялдардын маектери жүздөрү жабылып гана көрсөтүлмөкчү.

Мындан тышкары, талиптер массалык маалымат каражаттарынын жетекчилерине саясий программаларга конокторду өздөрү тандай тургандыктарын эскертишкен.

Белгилей кетсек, Талибан буга чейин да Ооганстандагы маалымат каражаттарына көптөгөн чектөөлөрдү киргизип келген. Аял телеалыпбаруучулар хижаб кийүүгө милдеттендирилип, аял актрисалар тартылган драмалык тасмаларды жана программаларды көрсөтүүгө тыюу салынган.

Ошондой эле, ооган коомунда туура эмес этикалык стандарттарды жайылткан жергиликтүү жана чет элдик өндүрүштөгү тасмалар көрсөтүлбөшү керек.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өз ишинде ислам баалуулуктарын эске алып, улуттук кызыкчылыкка кызмат кылышы керектиги баса белгиленген.

Ооганстанда талиптер бийликке келгенден бери 231 маалымат каражаты жабылып, 6400 журналист жана медиа кызматкери жумушсуз калды.

Талиптердин чектөөлөрүнөн аял журналисттер эң көп жабыркап, алардын 84 пайызы жумушсуз калган. Өлкөнүн 34 провинциясынын 15инде бир дагы журналист кыз иштебейт. Талиптер маалымат каражаттарына шарт коюп, анын ичинде аялдарды жумушка алууга тыюу салган.

Комментарий жиберүү