Талибан ооган аялдарына университетте окууга тыюу салды

 Ооганстанда учурда бийлик жүргүзүп жаткан “Талибан” кыймылы студент кыздардын университетте окуусуна тыюу салды.

Бул тууралуу кечээ, 20-декабрда өкмөттүн жыйынында аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө боюнча жарлык чыгарылганын Талибандын өкүлдөрүнүн бири билдиргенин Assoсiated Press жазды.

Ооганстандын Жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Зиауллах Хашминин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө жеке жана мамлекеттик университеттерге кыздар үчүн сабактарды токтотуу буйругу берилген жана аны мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруу талап кылынган.

Эске салсак, Ооганстанда буга чейин эле кыздардын Жогорку окуу жайларда айрым адистиктер боюнча: ветеринария, инженерия, экономика жана айыл чарба  факультеттеринде билим алуусуна тыюу салынып, журналистикага чектөө коюлган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда талиптер бийликке келгенден кийин Ооганстанда мектептерде жана университеттерде балдар менен кыздарды бөлүп окутуу чечими кабыл алынып, студент кыздар никаб кийүүгө милдеттендирилген.

Ошондой эле алардын билим берүү мекемелерине кирип-чыгуучу эшиктеринин да эки башка болуусу талап кылынган. Ал эми 2021-жылдын сентябрында Талибан кыздарга кийинки эскертүүгө чейин мектепте окууларына тыюу салып, аялдарга коомдук жайларда спорт менен машыгуусуна тыюу салды.

Андан соң аялдарга эл алдында жүзүн жабып жүрүүгө буйрук берилип, эркектердин коштоосусуз саякатка чыгууларына тыюу салынган.

Комментарий жиберүү