«Талибан» Панжшерге чабуул жасоого даярданууда

«Талибан» жоочулары каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге чабуул коюу буйругун күтүп жатышат.

Радикалдуу «Талибан» кыймылынын согушкерлери өздөрүнүн көзөмөлүндө эмес Ооганстандын жалгыз провинциясы – Панжшерге кол салууга даярданып жатканын РИА Новостиге булак билдирди.
Бул аймакка жүздөгөн талибтер жана курал-жарактар жайгаштырылды.
Белгиленгендей, учурда согушкерлер каршылык көрсөтүү күчтөрү жайгашкан Панжшерге кол салуу боюнча буйрукту күтүп жатышат.
Бир күн мурун талибтер 20 жыл мурда террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн талибтерге каршы “Түндүк альянсынын” лидери  Ахмад Шах Масуддун уулу, жергиликтүү каршылыктын лидери Ахмад Масудга багынып берүү үчүн төрт саат убакыт берген.
Масуд буга жооп катары Панжшер багынып берилбей турганын жана анын тургундары советтик аскерлер турган мезгилдегидей каршы турууга даяр экенин айтты.
Мындан тышкары, Масуд батыш маалымат каражаттарынын маалыматын дагы тастыктап, өзү башкарган каршылык күчтөрүнүн катарында жергиликтүү тажик кошуундарынан тышкары Ооганстандын башка региондорунан курал-жарак менен келген аскерлер бар экенин, анын ичинде атайын күчтөр бар экенин билдирди.
Панжшер провинциясы Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын көзөмөлүнө алынбаган жалгыз аймак болуп саналат. Буга чейин бул аймактагы каршылык күчтөрүн лидери Ахмад Масуд талибтерге каршы күрөшүү үчүн батыш өлкөлөрүнө кайрылып, курал-жарак жана согуштук техника жактан жардам берүүгө чакырган.

Комментарий жиберүү