«Талибан» Россиядан мунай сатып алууну көздөөдө

Былтыр августта Ооганстанда бийликти колго алган “Талибан” кыймылы Россиядан Кабулга бир миллион баррель мунай сатууну сунуштады.

Бул тууралуу РИА Новости агенттигине талибдердин өкмөтүнүн өнөр жай жана соода министри Нуриддин Азизи билдирди.

Азизи “Талибан” мунайды бартердик жол менен алуу жолдорун карап жатканын белгилеген.

Анын айтымында, талибдер энергоресурсту Россия кызыккан кайсы бир ооган өнүмүнө алмашууга кызыктар.

Июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунда Ооганстандын соода-өнөр жай палатасынын башчысы талибдер Россиядан беш миң тонна мунай жана эки миллион тонна дан сатып алууну каалай турганын айткан.

Талибдер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Москвага 14-августта келген.

Эске салсак, талибдер Кабулду каратканына 15-августта толук бир жыл болду. Алар былтыр 15-августта бийликти басып алып, өкмөт түзгөн.

Аны дүйнө өлкөлөрү тааный элек. “Талибан” кыймылы дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Россияда террордук уюм деп табылган.

Комментарий жиберүү