Талибан Тажикстан менен Кыргызстанды талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

“Талибан” кыймылы Тажикстан менен Кыргызстанды көйгөйлөрүн диалог жолу менен чечүүгө жана эки өлкөгө тең пайдалуу логикалык чечим издөөгө үндөйт.

Бул тууралуу Талибандын расмий өкүлү Забехулла Мужохид Твиттерде жарыялаганын маалымат каражаттары кабарлашты.
Бул билдирүү 5-июнда жарыяланган. Анда: “Ислам Эмирлиги (уюм өзүн Ислам Эмирлиги деп атайт) эки Ислам жана бир тууган өлкөлөрдү ортодогу көйгөйдү диалог жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырат”, – деп жазылат.
Борбор Азиядагы эки өлкөнү өз ара келишпестиктерин сүйлөшүү жолу менен чечүүгө үндөгөн бул топ АКШ менен тынчтык келишимине кол коюп, Ооганстан өкмөтү менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макул болгонуна карабастан, бул өлкөдө өзүнүн террордук иштерин улантып жаткан учуру.
Тактап айтканда, америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы жөнүндө жарыялангандан кийин, аталган топ зомбулук жана терроризм аракеттерин кайрадан жасай баштаган жана Ооганстан өкмөтүнүн жооптуу бөлүмүнүн айтымында, алар өздөрүнүн күчүн көрсөтүү үчүн өз аракеттерин күчөтүп жатышат.
Забехулло Мужохид өзүнүн кайрылуусунда мындай деп жазган: “Согуштардын зыянга учуратуулары боюнча бизде чоң практикалык тажрыйба бар, согуштун башталышы жеңил сезилиши мүмкүн, бирок согуштун чыныгы жүрүшү, анын кесепеттери жана жоготуулары алда канча көп болот”.
Эскерте кетсек, Тажикстан сыяктуу эле Кыргызстан дагы Талибанды террордук топ деп эсептейт.

Комментарий жиберүү