Талибан Тажикстан менен чектеш аймакты басып алды

Афганистандын Кундуз провинциясындагы Тажикстандын Хатлон облусунун Пянж району менен чектешкен  Кундуз провинциясынын Имам Сахиб аймагын Талибан басып алды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Талибандын согушкерлери аймакты басып алышып, эми Кундуз шаарын курчоого алып жатышат. Маалыматта талиптер Имам Сахиб аймагын басып алып, Тажикстан менен чектешкен чек ара айылы жана дарыя порту Шерхан Бандарга жакын болуп калгандыгы  белгиленүүдө. Ал Имам Сахиб аймагынын батыш тарабында, Пянж дарыясынын түштүк жээгинде, тажиктердин чек арадагы Ылдыйкы Пянж айылына карама-каршы жайгашкан.
Эскерте кетсек, Афганистанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар Талибандын колуна өттү. Акыркы эки-үч күндө эле бул мамлекеттеги өкмөттүк күчтөр 15 районду таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
Талибандын согушкерлери 2021-жылдын 1-майында АКШ баштаган чет элдик аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин, өкмөттүк күчтөргө каршы айыгышкан күрөштү улантып жатышат.
Байкоочулардын айтымында, Ооганстандан чет элдик аскерлер толугу менен чыгып кетсе, Талибан же саясий процесстен кийин, же афган бийлиги менен сүйлөшүүлөр ийгиликсиз болуп калса, аскерий жол менен бийликке келиши мүмкүн.

Комментарий жиберүү