«Талибан» Тажикстан менен чек арага «жанкечтилер батальонун» жөнөтөт

“Талибан” кыймылы Тажикстан менен чектешкен аймакка “истишхад батальонун” (жанкечтилер) жайгаштырып жатат.

Бул тууралуу Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмади билдиргенин “Khaama Press” агенттиги жазды.
Анын айтымында, батальон “Лашкар-э-Мансури”, же “Мансурдун армиясы” деп аталат.
Маалыматта атайын батальон Ооганстандын чек араларына, тактап айтканда, Бадахшан провинциясына жөнөтүлөрү айтылат.
Белгилей кетсек, аталган провинция Тажикстан, Пакистан жана Кытай менен чектешет.
Эске салсак, талиптер Тажикстан менен болгон чек арага күчтөрүн жайгаштырып жаткандыгы тууралуу маалыматтар 25-сентябрда тараган. Анда радикалдуу кыймылдын өкүлдөрү “атайын күчтөрдүн миңдеген жоокерлери” Тахар провинциясына жайгаштырылып жатканын жарыялашкан.

Кийинчерээк талиптердин өкүлдөрү чек арага күчтөрдүн тартылышы тууралуу маалыматты четке каккан болчу.
Өткөн аптанын соңунан бери Тажикстан менен Ооганстандын мамилеси курчуп кетти. Мунун баары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясында сүйлөгөн сөзүнөн кийин башталган. Рахмон өз сөзүндө талиптерди өлкөдө шайлоо өткөрүүгө жана бардык улуттук азчылыктар, анын ичинде тажиктер камтылган инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган.
Тажик лидеринин бул билдирүүлөрүнөн кийин Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар Тажикстанды Ооганстандын ички ишине кийлигишип жатат деп айыптаган.

Комментарий жиберүү