Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берди

Талибан Өзбекстан менен Тажикстанга эскертүү берип, Ооганстанга тиешелүү учактарды тез арада кайтарып берүүлөрү керектигин билдирди.

“Өзбекстан менен Тажикстан биздин сабырыбызды сынабай учактарды өздөрү өткөрүп бергени жакшы. Болбосо бул өлкөлөр терс кесепеттерге дуушар болот”, – деп билдирди өлкөнүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу мулла Якуб.

Бул тууралуу маалыматты чет элдик басыламалар жазып чыгышты.

Ошондой эле, билдирүүдө талиптер чет өлкөгө качып кеткен аскер кызматкерлерин жана учкучтарын мекенине кайтып келүүгө чакырары жазылган. Маалыматка караганда, Талибан мурдагы  өкмөткө караганда аларга жакшы мамиле жасоого убада берет.

Комментарий жиберүү