Талибан өкмөтү Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөйт

Ооганстан Ислам Эмираты Орусиядан газ жана мунай сатып алууну көздөп жатат жана аны жеткирүү боюнча  келишимге кол коюуга даяр.

Мындай пикирди талиптеррдин Орусиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жамал Насир Гарвал РИА Новостиге берген интервьюсунда билдирди.

Ошол эле учурда ал Кабул Москвадан насыя сурабай турганын, башка өлкөлөрдөн карыз албастан, инвестицияга басым жасарын айтты.

«Биз бизнес жана каржы тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия менен мамилелерде жылыш болушу үчүн чечкиндүү түрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Ал эми иштиктүү багыттарга келсек, биз күйүүчү май, газ сатып алууга кызыкдарбыз, бул биринчи кезекте биздин өлкөгө керек», — деди дипломат берген маегинде.

Анын айтымында, Ооганстан Орусия Федерациясы менен жүктөрдү жеткирүү боюнча “конкреттүү келишимдерге кол коюуга” даяр. Ал ошондой эле мурда TAPI газ кууру долбоорун ишке ашырууга тоскоол болгон коопсуздук коркунучтары азыр жок экенин белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, Орусиянын Украинадагы аскерий операциясына байланыштуу бир катар өлкөлөр Орусияга каршы болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизишти. Москва аларга жооп иретинде дос эмес өлкөлөрдөн газ үчүн рубль менен төлөөнү талап кылды. Европанын көпчүлүк өлкөлөрү бул талапты аткаруудан баш тартышты. Газпром Польша менен Болгарияга газ берүүнү токтотуу чечимин кабыл алды. Эми өлкөнүн өкмөтү бошотулган кубаттуулуктарды Азияга багыттоону пландаштырууда.

Комментарий жиберүү