Таттуу азыктарды өлчөмүнөн ашыкча колдонуу мээге зыян

Микротолкундуу меште бышырылган таттуу азыктар менен газдалган суусундуктарды көп колдонуу мээнин сезгенишине жеткирип, нерв талчаларын жабыркатат.

Бул тууралуу окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Rai Al Youm гезитине жарыяланды.
Анда окумуштуулар мээге, акыл-эске доо кетирип, Альцгеймер оорусунун пайда болушун шарттай турган азыктарды изилдеп чыгышканы жазылган.
Улуу Британиянын Бат университетинин окумуштуулары шекерди өлчөмүнөн ашыкча колдонгон же курамында шекер бар таттууларды көп жеген адамдын артериялары ичкерип, мээге кан жеткирүү кыйынчылык жаратарын, натыйжада атеросклероз оорусун пайда кыларын билдиришти.
Ошондой эле, Түштүк Австралия университетинин окумуштуулары калемпир сыяктуу өтө ачуу жашылчаларды жана татымалдарды тамак-ашка күн сайын кошуу эс тутумду начарлатарын айтышкан. Анткени курамында капсаицин бар. Ал акылдын өөрчүшүн басаңдатат.
Ал эми Австралия улуттук университетинин илимпоздору куурулган азыктар менен фаст-фуд азыктары да мээге доо кетирерин баса белгилешүүдө.
Колбаса менен сырдагы консервант, туз, каныккан май кислоталары да мээге ашыкча зыян жана мээдеги сезгенүүнү пайда кылып, кан тамырларды жабыркатат. Мындай жыйынтыкты Альцгеймер дартына изилдөө жүргүзгөн Кытай окумуштуулары жарыялашты.

Комментарий жиберүү