Ташкентте сириялык согушкерлердин катарына кошулууну пландаган 30 адам кармалды

Өзбекстандын борборунда “Тавхид ва жихад катибати” террордук уюмунун мүчөлөрү кармалганын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандар Ташкентте жамааттык жыйындарды өткөрүп, келечекте сириялык террордук уюмдардын катарына кошулууну пландашкан.

Террордук топтун аныкталган тарапкерлеринин саны 30га жакын адам болуп, алардын айрымдары борборго Анжиян, Сурхандарья жана Кашкадарыя облустарынан иштөө үчүн келишкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Комментарий жиберүү