Тегеранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты

Тегеранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыкты.

Бул тууралуу Ирандын Кызыл жарым ай куткаруу уюму билдирди.
Ирандын маалымат каражаттарынын жарыялаган маалыматтарына ылайык, 2-июнда Ирандын борбору Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдо өрт чыккан. Курмандыктар жана канча аянтты өрт каптаганы жана анын келип чыгуусуна эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Окуя болгон жерде ири көлөмдөгү от жана коюу түтүн асманга көтөрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө бир нече өрт өчүргүчтөр тартылган.

Комментарий жиберүү