Токаев бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын айтты

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бийлигин референдум аркылуу узартпай турганын, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарбастыгын айтты.

Бул тууралуу ал 1-июнда Улуттук илимдер академиясынын 75-жылдыгында сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Эл арасынан жана чет өлкөлөрдөн мамлекет башчы референдум аркылуу ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартабы, президенттик мөөнөтүн жокко чыгарабы деп сурап жатышат. Жооп берип коеюн: андай ниетим болгон эмес жана болбойт дагы”, – деди Токаев.

Эске салсак, Токаев 29-январда президенттик кызматта эки мөөнөттөн ашык турбастыгын “Хабар 24” телеканалына берген маегинде билдирген.

“Казакстандын президенти болуп канча турарымды билбейм, бирок Конституцияга ылайык, эки мөөнөттөн ашык турбайм – бул анык. Башкача айтканда мыйзамдарды, айрыкча Конституцияны оңдоо деген болбойт”, – деген ал.

Мындан эки ай өтпөй, ал Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеген. Референдум 5-июнга белгиленген.

Акордо өзгөрүүлөр президенттик бийликти алсыратып, парламенттин ишин бекемдөөгө багытталганын айтып келет. Мындан тышкары, президенттин жакындарын жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындоого тыюу салынууда. Конституциядан биринчи президент Нурсултан Назарбаев жөнүндөгү беренелер да алынат.

Казакстандын 1995-жылы кабыл алынган азыркы Конституциясы боюнча президент беш жылга шайланат жана бул постту эки мөөнөт катары менен ээлей алат. Баш мыйзамда бул эреже Казакстандын биринчи президентине тиешелүү эместиги жазылган, бирок өзгөрүүлөр кабыл алынса, бул пункт алынып салынат.

Комментарий жиберүү