Токио Олимпиадасында канча медал ойнотулат?

Япониядагы оюндарда 339 комплект сыйлык ойнотулат жана 2016-жылы Рио -де -Жанейродо өткөн жайкы Олимпиада оюндарына караганда 33 медалга көбүрөөк.

Белгилей кетсек,  Токио Олимпиадасынын программасына спорттун 33 түрү кирет, алар 50 дисциплинаны бириктирет. Оюндарда 339 медаль топтому ойнотулат.
Учурда Кытай 33 (16 алтын, 7 күмүш, 10 коло) медал алуу менен Япониядан озуп алдыда келе жатат.
Бүгүнкү күндо Япониянын капчыгында 15 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медаль толсо, ал эми 3-орунга АКШ 14 алтын, 16 күмүш жана 11 коло менен жайгашты. Орусия болсо 9 алтын, 12 күмүш жана 9 коло медалдуу болду.
Ошондой эле бир, эки медалдуу өлкөлөргө Өзбекстан, Түркменстан, Иран, Казакстан спортчулары кирсе, айрым өлкөлөрдүн спортчулары бир да медалга ээ болуша элек.
Эске салсак, Токио 2020 Олимипиада оюндары  8-августка чейин уланат, демек, кызыктар дагы алдыда. 1-3 августтарда Кыргызстанын балбан айымдарынын күрөшү, алардын ичинде атактуу Айсулуу Тыныбекованын беттеши 3-августта өтмөкчү.

Комментарий жиберүү