Трамп бийликтен кетип жатып, Кытайга акыркы кастык буйругун чыгарды

Дональд Трамптын президенттик кызматы бүгүн, 20-январда аяктайт.

Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Ак үйдө иштеген акыркы сааттарда Дональд Трамп Кытайга душмандыгынан баш тартпай, Кытайда жасалган дрондорго АКШ өкмөтүнүн аба флотунан чыгып кетүүгө буйрук берди.
Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 18-январда америкалык агенттиктерге АКШнын өкмөттүк флотунан Кытайда өндүрүлгөн дрондорду чыгарып кетүүгө артыкчылык берип, коопсуздукка байланыштуу маселелерге көңүл бурууга буйруган жарлыкка кол койду.
 Ал эми Трамптын администрациясынын Ак үйдөгү иши бүгүн, 20-январда аяктайт.
Эске салсак,  Американын Соода министрлиги өткөн айда Кытайдын ондогон башка компаниялары менен кошо дүйнөдөгү эң ири дрон чыгарган China DGI компаниясын АКШ өкмөтүнүн кара тизмесине киргизген. Учурда АКШнын өкмөттүк флотунда 800дөй кытайлык учкучсуз учактар бар.

Комментарий жиберүү