Түндүк Кореяда COVID-19 жуктургандардын саны өсүүдө

Түндүк Кореяда бир суткада COVID-19 жуктарган 167 650 жаңы учур катталып, бир адам каза тапты.

Коронавирус боюнча расмий статистиканы КЭДРдин Борбордук телеграф агенттиги Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча улуттук агенттигине шилтеме берип билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Түндүк Корея расмий түрдө “ысытма” деп атап жаткан бул илдетке апрель айынын аягынан бери 2,8 миллион адам чалдыгып, 68 адам каза болгон. Бирок, өлкөдө коронавирустун жайылышы боюнча көз карандысыз маалымат жок.

Расмий эсептөөлөр пандемиянын бүткүл мезгилиндеги оорунун дүйнөдөгү эң ылдам жайылышын көрсөтүп турат.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айынын башында КЭДР дин бийлиги биринчи жолу өз аймагында COVID-19 катталганын билдирген. Өлкөдө карантин жарыяланып, лидери Ким Чен Ын аймактарды жабууну жана дары-дармектердин запастарын мобилизациялоону буйрук кылган.

2021-жылы Түндүк Корея глобалдык вакцина алмашуу программасынын алкагындагы вакцина алуудан баш тарткан. Оору чыкканы тууралуу кабарлардан кийин Түштүк Корея, Кытай жана АКШ Түндүк Кореяга вакцина жеткирүүгө жардам берүүнү кайрадан сунушташкан. Бул сунуштарга расмий жооп берилген жок, бирок, Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрүнүн бири CNN телеканалына берген маегинде, 23-майда КЭДРден Кытайга үч жүк ташуучу учак учуп, кайра кайтып келгенин айткан.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 23-майына карата дүйнөдө COVID-19дун  525 миллиондон ашуун учуру катталып, дээрлик 6,3 миллион бейтап каза болгон. Көптөгөн өлкөлөрдө карантиндик чаралар жумшартылган же жокко чыгарылган, бирок дүйнөнүн көптөгөн аймактарында, атап айтканда, Кытайдын бир катар шаарларында дагы деле күчүндө турат.

Комментарий жиберүү