Түндүк Корея өзүн өзөктүк держава деп жарыялады

Түндүк Корея мыйзамдуу түрдө өзүн өзөктүк мамлекет деп жарыялады.

Бул тууралуу Түштүк Кореянын “Yonhap” агенттиги билдиргенин РИА новости жазды.

Мамлекеттин Жогорку элдик ассамблеясы 7-сентябрдагы сессиясында “Өзөктүк курал боюнча саясат” деген декрет кабыл алган.

Документ 11 пунктан турат, анда өзөктүк куралдын максаты, өзөктүк күчтөрдүн курамы, аларды башкаруу жана көзөмөлдөө, өзөктүк куралды колдонуу боюнча чечимдердин аткарылышы, аларды колдонуунун принциптери жана шарттары, мобилизациялоо, коопсуз сактоо жана коргоо, массалык бекемдөө жана жаңылануу жана башкалар жөнүндө жоболор камтылган.

Документтин 3-пунктунда өзөктүк курал боюнча бардык чечимдерди кабыл алууга өлкө лидери Ким Чен Ын гана укуктуу экени белгиленген.

Өлкө лидери Түндүк Корея эч качан өзөктүк куралдан баш тартпай турганын билдирип, кайсы гана тарап болбосун өзөктүк курал же башка массалык кыргын салуучу курал менен кол салууга аракет кылса дал өзүндөй жооп берерин кошумчалады.

Комментарий жиберүү