Түркияда аскердик роботтор жасалды (фото, видео)

Түркияда жасалган ортоңку класстагы аскердик “Barkаn” деп аталган жерде жүрүүчү пилотсуз роботтоштурулган аппарат бир катар сыноолордон ийгиликтүү өттү.

Бул тууралуу Anadolu агенттиги түркиялык “Havelsan” компаниясынын башкы директорунун орун басары Мухиттин Солмазга шилтеме берип маалымдады.

Солмаз айткандай, аппараттын үстүнөн иштөө бир жарым-эки жыл мурун башталган. Ал куралдуу чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана аскерлерди колдоо үчүн жасалган.

“Биздин негизги максатыбыз – бул аппаратка жасалма интеллектти киргизүү. Бул унаалар  пилотсуз учуучу аппараттар, башка пилотсуз жерде жүрүүчү техникалар же башка башкарылуучу аппараттар менен биргелешкен тапшырмаларды аткарышы, ошондой эле талаа шарттарында биздин аскерлердин эффективдүүлүгүн жогорулатышы маанилүү”, – деди ал.

Роботтоштурулган бул аппараттардын талаа сыноолору июль же август айларында башталат. Ошол эле учурда, “Havelsan” компаниясы оор класстагы автономдуу жана роботтоштурулган пилотсуз жерде жүрүүчү унааларды жасоону улантат.

Комментарий жиберүү