Түркияда дагы 254 адам камакка алынды

Түркияда ИШИМ террордук уюмуна жана Гүлен кыймылына мүчө деген айып менен жалпы 254 адам камакка алынды.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады.

“Anadolu” агенттиги маалымдагандай,  Түркиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 18-январда Стамбулдун ар кайсы аймактарында жүргүзүлгөн операцияда ИШИМ террордук тобуна мүчө деген айып менен 16 адамды камакка алды. Кармалгандарга ИШИМ террордук уюмунун Ирак жана Сириядагы чабуулдарына катышкан, ошондой эле бул террордук топко материалдык-техникалык жана каржылык колдоо көрсөткөн деген айыптар тагылууда.

Ошол эле учурда, Түркияда 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине байланыштуу динаятычы Фетхуллах Гүлендин кыймылына  мүчө деген айып менен дагы 238 адам камакка алынды. Алардын ичинен 160 адам Измир провинциясында прокурордун буйругу менен камакка алынган. Ошондой эле түрк армиясы жайгашкан Түндүк Кипрде дагы бир адам кармалды. Кармалган 238 адамдын 218и түрк армиясынын мүчөлөрү, анын ичинен алтоо полковник, үчөө подполковник жана тогузу майор болуп саналат.

Анкара 2016-жылдагы төңкөрүштөн бери 80 миңдей адамды камакка алып, 150 миңдей мамлекеттик жана аскер кызматкерин иштен алган.

Комментарий жиберүү