Түркияда миллиард доллардан ашык алтын кени табылды

Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк жаңы шахтанын ачылышында 1 млрд. доллардан ашык деп бааланган алтындын кору табылганын жарыялады.
Белгилей кетсек, алтын кен Түркиянын Агра провинциясындагы Моллакара кыштагынын аймагында түстүү металлдардын ири кендери алтын казуучу “Коза Алтын” компаниясы тарабынан табылган.
Алтын кендин 20 тонна корунун болжолдуу баасы 1,2 млрд. долларды түзөт. Бул жерден ошондой эле 2,8 млн. долларлык 3,5 тонна күмүш табылган.
Эске салсак, акыркы он жылдын ичинде Түркияда алтын казууга инвестициялар төрттөн бирге өстү.
2020-жылы өлкөдө 18 шахтадан 42 тонна баалуу металл өндүрүлгөн жана 2021-жылы түркиялык тоо кен компаниялары 45 тоннага жетишине ыктымал беришет. Өкмөттүн божомолуна ылайык, жакынкы беш жылда жылдык өндүрүштүк деңгээл 100 тоннага жетет.

Комментарий жиберүү