Түркияда шахта жарылып, 28 адам каза болду.

Түркиянын түндүгүндөгү Бартын шаарындагы шахтада жарылуу болуп, кеминде 28 киши каза болуп, 20сы жаракат алды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттердеги баракчасынан билдирди.

Ички иштер министри Сулейман Сойлу буга чейин жарылуу болгон учурда шахтада жалпысынан 110 адам иштеп жактанын билдирген.

Бартын шаарынын губернатору Нуртаж Арслан окуя 14-октябрь күнү кечинде 300 метр тереңдиктеги көмүр шахтасында болуп, 49 адам жер астында камалып калганын билдирди.

Президент Режеп Тайып Эрдоган ички иштер министри менен жаратылыш ресурстары жана энергетика министрине куткаруу иштерин көзөмөлдөөнү тапшырды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Эрдоган окуя болгон жерге барууну пландоодо.

Комментарий жиберүү