Түркиянын Каркамыш шаарына ракета атылып, 9 киши жабыркады

 Сириядагы Күртстан жумушчу партиясынын (ПКК) согушкерлери тарабынан Түркиянын Сирия менен чектешкен Каркамыш шаарына төрт ракета атылып, алардын бири мектепке тийди. Кээ бир снаряддар шаардын борборунда жарылган.

Ракеталык чабуулдан үч адам каза таап, алты киши жаракат алганын Milliyet басылмасы жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазды.

Каза болгондордун арасында бир бала бар экенин Түркиянын ички иштер министрлигинин башчысы билдирди. Газиантеп провинциясынын губернатору Давут Гюль жаракат алгандардын экөөсүнүн абалы оор деп бааланып жатканын айтты.

“YPG/ПКК мүчөлөрү тарабынан атылган төрт ракета райондун борборундагы орто мектеп менен эки үйгө, ошондой эле Каркамыш чек ара дарбазасына жакын жердеги жүк ташуучу унаага тийген”, — деп жазды Superhaber порталы.

Буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү абадан жасалган операцияда 89 бута жок кылынганын билдирген.

Анкара кечээ, 20-ноябрда Сириянын түндүгүндө Күртстан жумушчу партиясынын сириялык канатына каршы абадан операция жүргүздү – Кобани шаарына, ошондой эле Ирактын түндүгүнө сокку урулганы кабарланган.

Буга чейин күрттөрдүн “Сирия демократиялык күчтөрүнүн” (СДК) өкүлү Фархад Шами Түркия Сириянын түндүгүндөгү СДКнын көзөмөлүндө турган чек арадагы Кобани шаарына чабуул жасап жатканын билдирген.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Сулейман Сойлу өткөн аптада Стамбулдун борборунда теракт жасоого буйрук ушул чек ара шаарынан түшкөнүн жана теракт жасаган адам Түркиянын аймагына Африн аркылуу кирген деген шектенүүлөрдү билдирген.

Эске салсак, 13-ноябрда Стамбулдун жөө адамдар өтүүчү Истиклал көчөсүндө жардыруу болуп, 6 адам каза таап, 81 киши жарадар болгон. Кол салууга шектелген адам кармалган, ал Түркияда тыюу салынган Күртстан жумушчу партиясы (ПКК) менен байланышы бар экенин мойнуна алган.

Комментарий жиберүү