Түркия Стамбулдагы жардырууну уюштургандарга «катаал жооп» берет

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу Стамбулдагы жардырууну уюштургандар катаал жооп аларын билдирди.

Кечээ, 13-ноябрда Стамбулдун эл көп жүргөн Истиклал көчөсүндө жарылуу болуп, 6 киши каза таап, кеминде 53 киши жаракат алган. 

Кийинчерээк Түркиянын вице-президенти Фуат Октай окуядан 81 адам жабыркаганын айтып, өлкө бийлиги жардырууну теракт катары баалап, аны аял жасаганын белгиледи.

“Бизде из бар. Буйрук Кобаниден (Сириядагы шаар) түшкөн деген шек бар, кылмышкер Африн аркылуу өткөн. Учурда мунун баары такталууда”, — деди Сойлу журналисттерге.

Ал Түркияга зыян келтирген бул чабуулдун уюштуруучулары да, аткаруучулары да катуу жооп алышарын убада кылды.

Жардыруу теракт катары бааланууда

Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг Стамбулдагы жардырууну теракт катары баалап, аны жасагандар такталып жатканын айтты.

“Бул террордук акт катары каралууда. Террордук уюм (жардырууга жооптуу) тергөөнүн жыйынтыгында аныкталат. Окуя болгон жерден табылган фрагменттерден башка маалымат жок. Бул окуяга байланыштуу социалдык тармактарда көптөгөн далилденбеген кабарлар тарап жатат. Социалдык тармактарда тараган далилсиз кабарларга ишенбөө абдан пайдалуу”, – деди Боздаг A Haber телеканалына берген маегинде.

Түрк бийлиги ЖМКларга жардыруу тууралуу кабарларды жарыялоого, окуя болгон жерден түз алып берүүгө, каза болгондордун жана жарадар болгондордун сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялоого, ошондой эле бейрасмий булактардан алынган маалыматтарды жайылтууга убактылуу тыюу салды.

Комментарий жиберүү