Түркмөнстан, Германия жана Словакиянын президенттери Садыр Жапаровду куттукташты

Түркмөнстан, Германия жана Словакиянын президенттери Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришүүсү менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. 

«Түркмөнстан менен Кыргызстанды кылымдарды карыткан достук, бир туугандык жана жакшы коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда түзүлгөн жогорку деңгээлдеги ишеним жана өз ара түшүнүшүү эки тараптуу кызматташууну конструктивдүү өнүктүрүүгө бекем негиз боло алат.

Бүгүнкү күндө биздин мамлекеттерибиз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Биз эки тараптуу мамилелерибизди жаңы жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого даярбыз.

Буга байланыштуу, түркмөн-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенимди билдирүү менен Сизге ыңгайлуу болгон убакта Түркмөнстанга келип кетүүгө чакырамын.

Сизге чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Мамлекет башчысы катары жооптуу ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалаймын», — деп белгиленет Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо телеграммасында.

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктаган телеграммасында мындай деп айтылат:

«Сиз Президенттик кызматка кыйын мезгилде келип жатасыз. Кыргызстандагы коронавирус пандемиясына байланыштуу оор жүк менен катар демократия жаңы чакырыктарга кабылып жатат.

Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук байланыштар дээрлик 30 жылдан бери келатат. Германия Кыргызстандын көп жылдан берки өнөктөшү катары биздин тыгыз жана ишенимге негизделген өнөктөштүгүбүз мындан ары да уланат деп бекем ишенет. Биз мындан ары да Сиздин өлкөңүздү демокаратияны алга жылдыруу, мыйзам үстөмдүгү жана коомдун бардык катмарын камтыган туруктуу өнүгүү жолунда колдоого алабыз. Сизге албан-албан ийгиликтерди жана Президенттик кызматыңыздагы маанилүү милдеттердин жеңил чечилишин каалайм».

Словакия Республикасынын Президенти Зузана Чапутова Словакия Республикасынын жарандарынын жана өзүнүн атынан Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктап, жооптуу жана маанилүү миссияны аткарууда ага чыгармачылык күч-кубат жана ийгиликтерди каалады.

«Учурдан пайдаланып, салттуу словак-кыргыз мамилелерине мен жогору баа бергим келет.  Мындан ары да биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жигердүү кызматташтык өнүгүп жана тереңдей берет деп ишенемин. Сиздин жооптуу ишиңизге, айрыкча глобалдык пандемияга жана уланып жаткан климаттык кризиске каршы күрөшүүдөгү оор мезгилде ийгилик, бакыт жана чың ден-соолук каалаймын. Эл аралык кызматташтыгыбыз жана биримдигибиз бизге бул оор мезгилди жеңүүгө жардам берет деген ишеничтемин», — деп белгиленет Словакия Республикасынын Президентинин куттуктоо телеграммасында.

Комментарий жиберүү