Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.
Ага ылайык, Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо эң көп добушту азыркы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу вице-премьер-министр Сердар Бердымухамедов алды.
Шайлоодо ат салышкан тогуз талапкердин ичинен Бердымухамедов 72,97% добуш алган.
«Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов президент болуп таанылды», – деп айтылат маалыматта.
Калган талапкерлер 1ден 7,2%га чейин добуш алышкан.
Белгилей кетсек, Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышканы айтылган.