Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит түзүү ниетинде. Биринчи жыйын Кыргызстанда өтөт

 Түрк мамлекеттер уюмуна кирген өлкөлөрдүн бирдиктүү алфавит түзүү маселесин тездетүү максатында «Орток алфавит комиссиясы» түзүлдү.

Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, комиссиянын биринчи отуруму Кыргызстанда өтөт.

Эске салсак, Өткөн айда Бурсада Түрк тил мекемеси (TDK) жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) кызматташтыгында семинар өткөн. Анда түрк мамлекеттеринен келген илимпоздор өз өлкөлөрүндө колдонулган алфавит жана тарыхый процесстер тууралуу маалымат беришип, орток алфавитке өтүү процессин тездетүү жана колдонууну кеңейтүү керектиги баса белгиленген.

Семинарда Түрк дүйнөсүнүн орток алфавити үчүн ТМУнун курамында «Орток алфавит комиссиясын» түзүү чечими кабыл алынган.

Маалыматта комиссиянын курамында түрк мамлекеттериндеги тил саясаты боюнча ар бир расмий түзүмдөн экиден мүчө болору жана алар бирдиктүү алфавит боюнча ТМУнун Аксакалдар кеңешине баяндама жасашы керектиги айтылат.

Кыргызстанда өтө турган жыйында комиссия биргелешкен алфавиттин изилдөөсүнө байкоо салып, Аксакалдар кеңешине отчет берет.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттеринин уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан кирет. Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу өлкөлөр болуп эсептелет.

Комментарий жиберүү