Түштүк Осетияда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтөт

Түштүк Осетиянын парламентинин спикери Алан Тадтаев жакын арада Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүлөрүн билдирди.

Бул тууралуу Lenta.ru жазды.

“Түштүк Осетия Республикасынын эли Орусияга кошулуу боюнча өз пикирин жакынкы аралыкта өтө турган референдумда билдирет”, – деди ал.

Ошондой эле ал республиканын Орусия Федерациясына кошулууга толук негизи бар экенин, ага эч кандай мыйзамдык тоскоолдуктар жок экенин кошумчалады.

Буга чейин республиканын президенти Анатолий Бибилов Түштүк Осетия республиканы Орусияга тез кошулушун уюштура аларын билдирген.

Саясатчы Орусияга кошолуу “осетин элинин кылымдардан берки кыялы” экенин кошумчалады.
Президент Анатолий Бибиловдун маалымат катчысы Дина Гассиева референдум республикада 10-апрелге белгиленген президенттик шайлоодон кийин болорун билдирди.

Гассиева референдум шайлоодон кийин өтөрүн, ага чейин зарыл болгон бардык процедуралар бүтөрүн тактады.

Эске салсак, Орусия Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин 2008-жылдын 26-августунда тааныган.

Комментарий жиберүү