УКМК Тажикстандын «Байрактарды» сатып алганы боюнча үн катты

Тажикстан түркиялык компаниялардан “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алган эмес.

Мындай маалыматты КРнын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстан “Байрактар” учактарын чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес.

Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы такталбаган маалымат.

“Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган. Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Комментарий жиберүү