Украинага аскердик абал киргизилди

Украинада бүгүнтөн баштап аскердик абал киргизилгенин өлкө президенти Владимир Зеленский видеокайрылуусунда билдирди.

Ал бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста аскердик атайын операция жүргүзүлөрүн билдиргенин айтты. “Орусия сокку уруп жатат”,-деди ал.

Зеленскийдин айтымында, АКШ президенти Жо Байден Украинага жардам көрсөтүүгө убада кылган.

“Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз. Биз баарын жеңебиз. Украинага даңк!” – деди Зеленский.

Буга чейин ал Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешин чогултуп, аскердик абалды киргизүү маселесин талкуулаган.

Эске салсак, буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста аскердик операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыялаган.

Комментарий жиберүү