Украинадагы аскердик операция Борбор Азияга кандай таасир тийгизет: божомолдор жана чыныгы абал

Россиянын Украинадагы аскердик операциясы Борбор Азия өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизүүдө жана андан чыгуунун жолдору барбы?

Украинадагы аскердик операциянын башталгандыгына үч айга жакындап калды. Эки тарап тең экономикалык, саясый, каржылык жана эң негизгиси адамдык жоготууларга учуроодо.

Айрым мамлекеттер Россияны басып алуучулук аракетин жасоодо деп айыптаса, Москва башка көз карашты карманууда: Россия Украинанын НАТОго кошулуусунан жана андан ары бул өлкөдө аскердик жана биологиялык объектилерин жайгаштыруусунун алдын алып, өз коопсуздугун коргоп жаткандыгын айтууда.

Бүгүнкү күндө АКШ жана Батыш өлкөлөрү Россияга каршы 8 миңден ашык санкция киргизди. Тарыхта бир да мамлекетке мындай чектөөлөр болгон эмес. Украинадагы авиациялык соккулардан улам көптөгөн турак-жайлар менен инфраструктура кыйрап, миңдеген адамдардын өмүрү кыйылып, беш миллиондон ашык адамдар качкынга айланды жана өлкөдө гуманитардык кризис орун алууда.

“Eurasia Today” маалымат агенттигинин редакциясында 18-майда бул тема боюнча тегерек стол болуп өттү. Талкууга Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, күч органдарынын ардагери, улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт Таалайбек Жумадылов, экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Украинадагы миссиясынын мурдагы кызматкери Уран Усенов, саясат таануучу, эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча кыргыз кеңешинин аткаруучу директору Алмаз Тажыбайлар катышышты.

Борбор Азия дүйнөлүк державалардын кызыкчылыгы кагылышкан аймак болуп саналат

Таалайбек Жумадылов: – Мен саясатчы да, экономист да болбогондуктан, атайын кызматтын ардагери катары Украинадагы кырдаалга коопсуздук маселелери боюнча гана баа бергим келет. Өзүмдүн кесиптик тажрыйбама таянып, Украинанын ичиндеги жана айланасындагы окуяларды геосаясый көз караштан алып карай турган болсок, Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасири түздөн-түз тийип атат.

Кандай гана дебейли, ар бир эле мамлекеттин башкы максаты – кандай гана догма менен шөкөттөлбөсүн, ресурска ээ болуу жана аны көзөмөлдөө болуп саналат. Ошондуктан геосаясатта эки эреже бар, биринчиси, ар бир мамлекет өзүнүн гана улуттук кызыкчылыктарын коргойт жана экинчи эреже – чоң мамлекеттер өзүнүн геосаясый максатына жетүү үчүн чакан мамлекеттерди пайдаланат. Дагы бир маанилүү жагдай – өз коопсуздугун камсыз кылуу жана анын алдын алуу.

Каалайбызбы, жокпу, кыргыз коомчулугунан тартып, дүйнө жүзүнө чейин чоңубуз да, кичинебиз да моюнга алып коюшубуз керек, 2022-жылы 24-февралда Россия Украинага карата аскердик операция баштагандан кийин буга чейин орун алган дүйнөлүк эреже толук бойдон кыйрады жана ага кайра кайтып келүү мүмкүн эмес экендигин моюнга алып коюшубуз керек. Андыктан азыр башаламандык өкүм сүрүүдө. Украинанын жетекчилигинин катачылыгы – алысты көрө албагандыктан, өз аймагы менен элин дүйнөлүк эки каршылашкан тарапка күрөшүү аянты катары берип койгондугу болуп саналат. Бир тараптан АКШ  башында турган бириккен Батыш өлкөлөрү, экинчи тараптан Россия Федерациясы.

Мына ушул орус дүйнөсү жана орус цивилизациясынын англо-саксондук дүйнө менен карама-каршылыгы эртеби, кечпи боло турган көрүнүш эле жана тилекке каршы башка аймактарга да таасирин тийгизүүдө. Украина бизден алыс, башка планетада жайгашкан менен Борбор Азия чөлкөмүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Болгондо да саясый турмуштан баштап, экономика, аскердик, маданият, социалдык жана башка тармактарга. Себеби биздин бүтүндөй Борбор Азия өлкөлөрү геосаясый өткөөл аймакта жайгашкан. Түндүгүбүздө аюу – бул Россия. Чыгышта Кызыл ажыдаар – бир жарым миллиард калкы, ядролук куралы, ары жагында эбегейсиз океан бар Кытай. Батыш тарапта – АКШ башында турган Батыш өлкөлөрү – бул ролду Түркия аткарат. Ал эми түштүгүбүздө – ислам фактору.

Албетте, ушул өткөөл географиялык аймакта жайгашкан мамлекеттер жогоруда аталган ири дүйнөлүк державалардын таасирине кабылат. Эми биздин жакын өнөктөшүбүз болгон Россиянын максаты эмне? Ал биздин аймакты өзүнүн  ички коопсуздугун камсыз кылуучу коргон катары пайдаланат. Ошондуктан ал бул өлкөлөрдө коопсуздук болуп, өзүн тынчсыздандырбашын каалайт. Эми Кытай. Бул өлкө “Бир кур, бир алкак” деп аталган геосаясый стратегиясынын арты менен биздин аймак менен ресурстарыбызды өзүнүн геосаясый максаттарына пайдаланууга кызыкдар.

Балким бул, “Жибек – Жолу” аркылуу Азиядан Европага товар ташуу жана Европадан Азияга алдыңкы технологияларды алып келүү. Бириккен Батыш, алардын хансарайы болгон Түркия Осман империясын, пантүркисттик идеяны жайылтууга кызыкдар. Негизи башында АКШ турган Батыш өлкөлөрү Борбор Азия чөлкөмүндө аюу (Россия) менен кызыл ажыдаарды (Кытай) ооздуктап, алардын өз долбоорлорун ишке ашуусуна жол бербөөнү көздөйт. Ал эми биздин төртүнчү шарттуу түрдө ислам фактору деп аталган түштүктөгү  контр агентибиз халифат орнотуу жолу менен ислам идеологиясын жайылтууну көздөйт. Тилекке каршы биздин өлкөдө коопсуздук күчтөрүнүн  алардын эмес, кайра алардын бийлик бутактарына кирип кеткен учурлары болгон. Бул өтө тынчсыздана турган жагдай.

Биз азыркы геосаясый окуяларга баа берүүдө тарыхка да кайрылышыбыз керек. XIX кылымда Борбор Азия аймагында “Чоң оюн” деген кармаш жүрүп, ал оюн ал кезде империя деп аталган Улуу Британия менен Россиянын ортосунда жүргөн жана бул эки держава Борбор Азияга өз таасирин орнотуу үчүн күрөшкөн.

Азыр да биз ошол оюндун чукул арада эле башталып, күч алып кеткендигине күбө болдук жана келечекте да кандай кармаш жүрөрүн көрмөкчүбүз. Азыр Россия менен күрөшүп жаткан бириккен Батыш экинчи фронтту ачууга кызыкдар жана аюунун шаштысын кетиргиси келүүдө.

Ушул геосаясый оюндардын алкагына кабылган биз эмне кылышыбыз керек жана эмнеге даяр болушубуз зарыл? Азыр эле айрым жаракатыбызды тырмаган көрүнүштөр байкалууда. Биринчи, Украинадагы карама-каршылыктан улам коом экиге бөлүнүп калды. Россиянын аскердик операциясын колдогондор да бар, алар өтө көп. Аны 9-майда “Өлбөс полк” жүрүшүндө көрдүк. Ошол эле учурда Россиянын элчилигинин алдында аскердик операцияга каршы митинг, Донбасс тууралуу фильмди көрсөтүүгө тыюу салдырууга жетишүү болду. Айтор биздин коом ачык эле экиге бөлүнүп калды. Бул биринчи фактор.

Мындан башка да кырдаалды туруксуздаштыруучу жагдайлар бар. Эң оболу кошуна мамлекеттер менен чек ара маселесин, жайыттарды колдонууну, суу ресурсун пайдалануунун чечилбегендиги. Эгер чек арадагы ушул мурда “кетмен согушу” деп аталган чыр-чатактар байма-бай кайталанып келген болсо, бир жыл мурда курал колдонууга чейин жетти.

Афганистандын бизге жакын жайгашкандыгы да Борбор Азия аймагындагы кырдаалды улам улам козутуп турат. Андай коркунуч афган элинен эмес, мамлекеттин аймагынан келиши мүмкүн. Мисалы, 1999-2000-жылдары эки ирет катары менен Баткен облусунун аймагына Афганистандан террордук топтор кол салгандыгы бул айтканыбызга далил болот. Албетте, ушул максаттарды ишке ашыруучу күч жана каражат барбы? Бар. Биздин өлкөдө Батыштын акчасы менен грантына каржыланган, тарбияланган, окутулган 20 миңден ашык өкмөттүк эмес уюмдар бар.

Булар негизинен шаарларда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Менин ислам динине эч кандай каршылыгым жок, бирок айыл жерлеринде бийлик өкүлүнө караганда ар кандай диний агымдардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркы жогору. Бул дагы алар үчүн ыңгайлуу курал. Тилекке каршы алар бүгүн реалдуу күчкө айланууда. Ушул жана башка өлкөбүздүн ичиндеги ички факторлор бизде да Украинадагыдай окуялардын кайталанышына алып келиши мүмкүн.

Андыктан андай көрүнүшкө жол бербөө үчүн катардагы жарандардан тартып, бийлик башындагыларга чейинки жетекчилерибиз улуу державалардын геосаясый талашына каршы турушубуз керек.

Даярдаган: Э. Момунов.

Комментарий жиберүү