Украинадагы согуш Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына кандай таасир этет? – экономисттин пикири

Батыш Орусияга каршы он миңдеген санкцияларды киргизип, экономикасы кыйрайт деп үмүттөнүшкөн, бирок, биз көрүп тургандай, андай болгон жок. Украинадагы согуш Кыргызстанга жана аймактагы өлкөлөргө кандай таасир этиши мүмкүн экенин Экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров түшүндүрүүгө аракет кылды.

Анын айтымында, валюта рыногуна тиешелүү дагы бир жагдай бар. Украинада аскердик аракеттер башталганда рублдун наркы болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткен, бирок бүгүнкү күндө рубль өзүн бир топ эркин сезип турат.

“Бирок мунун баары Орусиянын ичиндеги кандайдыр бир каржылык же экономикалык реформалардан улам эмес, көбүрөөк деңгээлде дүйнөлүк рыноктун реакцияларынан улам болуп жатат”, – деди Жапаров.

– мунай рыногу (фьючерстер)
– газ рыногу кырдаалга олуттуу таасирин тийгизет

Анын пикиринде, буга АКШнын туура эмес ички саясаты шарт түздү. Башкача айтканда, Байден баарына “Путиндин инфляциясы” күнөөлүү деп ырастоосу, бул туура эмес түшүнүк. Ал алдап жатат.

“Доллар АКШнын улуттук валютасы жана Федералдык резерв системасы (ФРС) да анын аймагында жайгашкан. Америкалыктар бирөөнү күнөөлөбөй, ФРСтин саясатын жөнгө салуудан баштап, бул жаатта реформаларды ишке ашыра башташы керек (аны өзгөртүү керек)”, – деп баса белгиледи эксперт.

Сандар менен талашып-тартыша албайсың

Украина Кыргызстанды фармакология жагынан көп дары-дармек менен камсыздап келген, бирок  азыр согуштук аракеттерден улам бул чынжырлар үзүлүп калды, дейт Гурас Жапаров.

Анын айтымында, Кыргызстандын фармакологиялык рыногунун керектөөлөрүн тез арада Германия да, Индия да, алтургай Кытай да толтуруп, камсыздай албайт.

“Ушул себептен улам, бир катар медициналык максаттагы товарлардын жетишсиздиги пайда болду”, – деп кошумчалады ал.

Эгерде Орусиянын Кыргызстанга тийгизген экономикалык таасирине баа бере турган болсок, анда биринчи кезекте Орусия Федерациясында иштеп, окуп жүргөн мекендештерибизди эске алышыбыз керек, деп эсептейт эксперт.

“Бүгүнкү күндө мигранттардын акча которуулары гана жылына 2 миллиард долларды, ал эми биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү дагы 2 миллиард долларды түзөт.  Жалпысынан 4 миллиард доллар, бул Кыргызстандын ИДПсынын жарымына барабар”, – деди Жапаров.

Профессордун айтымында, Кыргызстан энергетикалык ресурстар, күйүүчү-майлоочу материалдар, темир, жыгач жагынан Орусияга олуттуу көз каранды. Ошондуктан биз бүгүн дээрлик толугу менен Орусияга көз карандыбыз.

Борбордук Азиянын «Беш чөнтөгү»

Борбордук Азиянын экономикалык коопсуздугу жагынан алганда бүгүнкү күндө аймакта беш түрдүү “акча чөнтөгү” түзүлдү. Бул жагынан ар бир өлкөнүн өзүнүн саясаты бар жана эч кандай консолидация жок, бул жакшы эмес.

Ал тургай Борбордук Азиянын регионалдык интеграцияга жооп бере турган бир дагы орган түзүлгөн эмес. Ошондуктан, кээ бир өлкөлөр аймактагы лидердин ролуна ээ болууга аракет кылууда.

“Биздин өлкөлөр үчүн мындай саясат туура эмес деп эсептейм. Бул көбүрөөк деңгээлде Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринен көз каранды. Алар бүгүн бизге “бөлүп-жарып башкар” деген саясат таасир этип жатканын түшүнүшү керек. Өлкөлөрдүн ар бири өзүнчө алсыз, бирок биз бирге ар кандай чакырыктарга туруштук бере алмакбыз”, – деди Жапаров”.

Ресурстар бар, бирок эрк жок

 Эксперттин пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрүндө ар кандай коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар бар, бирок аны ишке ашыруу боюнча саясий эрк жана жетиштүү түшүнүк жок.

“Мунун баары айрым саясатчылар өзүн хан жана диктатор санагандыктан, пикир келишпестиктер жаралып жатат.

Мындан тышкары, биз эч нерсе кыла албайбыз, жардыбыз деген ар кандай стереотиптер бар, бирок ал андай эмес. Биз заманбап жана прогрессивдүү ой жүгүртүүнү үйрөнө элекпиз”, – деп кошумчалады ал.

Гурас Жапаров эң ири дан жеткирүүчү өлкөлөрдүн бири болгон Казакстанды мисалга тартты.

Казакстан данды дүнөнүн 53 өлкөсүнө жеткирет. Ошондой эле мунай продуктыларына да бай. Ал эми Түркмөнстан менен Өзбекстандын газ кендери, Кыргызстан менен Тажикстандын суу-энергетикалык ресурстары бар.

“Ошол эле учурда түшүм Кыргызстандан келген суудан көз каранды. Башкача айтканда, региондун беш өлкөсүндө бардык экономикалык рычагдар бар”, – деп баса белгиледи ал.

Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнө дайыма бир нерсе тоскоолдук кылат деп белгиледи.

“Балким, экономикалык, социалдык, руханий ж.б.у.с. интеграциянын маңызын түшүнө турган жетекчилердин муунун жаңылоо зарылдыр. Алар акыры интеграция боюнча борбордук аймактык орган түзүшмөк”, – деп баса белгиледи эксперт.

Комментарий жиберүү