Украинадагы согуш: Кытайдын Евразияга таасири


Москванын Украинага бастырып кириши Бээжин үчүн да өзгөчө окуя – Шанхай кызматташтык уюмунан тартып, бүтүндөй Борбордук жана Түштүк Азиядагы экономикалык мамилелерге чейин мунун таасири чоң болчудай.

2022-жыл башталган күнү Чжан Мин Кытайдын Европа Шериктештигиндеги элчилик кызматынан кетип, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысы болуп дайындалды. Борбордук жана Түштүк Азияда ал убакта жагдай такыр башкача болчу.

Талибдер Ооганстандагы бийликти августта эле колго алып, өлкөнү толук көзөмөлдөп калган эле. Бирок 2022-жылдагы бир нече орчундуу окуя күтүүсүз болуп, бул дипломаттын кызматтагы өсүшүнө жол ачты.

Январдын башында калктын калың катмарында мурдатан топтолуп келген нааразылык толкуну менен бийлик үчүн тымызын жүргөн күрөштүн эпкини Казакстанды бүт бойдон каптап, кан төгүлгөн кагылышууга чейин жетти. Окуянын соӊунда бул өлкөгө Москва үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жамынган чет элдик аскерлер киргизилди.

Жети аптадай убакыт өткөндө, Кремл Украинага кирип барып, Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң чоң жаӊжалды баштады. Батыштын жообу күтүлгөндөн кыйла катуу болду да, Украина менен Орусияга кошуна турган өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүнө алып келди.

Эки каатчылык теӊ Кытайдын тышкы саясаты үчүн чоӊ сыноого айланды. Бул өлкөнүн Борбордук жана Түштүк Азия менен болгон мамилесинде ШКУ өзгөчө мааниге ээ.

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысы Чжан Мин Мамлекеттик кеӊештин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен Бээжинде жолугушууда. 2022-жыл, 17-март.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) баш катчысы Чжан Мин Мамлекеттик кеӊештин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен Бээжинде жолугушууда. 2022-жыл, 17-март.

Советтер Союзу ыдырагандан кийин түзүлгөн коопсуздук жана экономика жаатындагы көп тараптуу бул блокто азыр Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан бар. Эми ШКУ Украинага Орусиянын бастырып киришинин кесепеттерин жөнгө салышы керек. Орусияга каршы санкциялардын айынан азык-түлүк каатчылыгы сезилип, Орусия Борбор Азияга карата да саясий интригаларды башташы ыктымал деген кооптонуу күчөдү.

“Украинадагы согуш кытайлардын көӊүлүн калтырып, ШКУ боюнча мүдөөсүн кыйла бүдөмүк кылып койду”, – дейт “Азаттыкка” берген маегинде Фростбург мамлекеттик университетинин профессору, Бээжиндин Борбордук жана Түштүк Азияга болгон мамилесин изилдеген Хайюн Ма.

ШКУ эчактан бери Кытай үчүн региондогу өлкөлөр конкреттүү кызыкчылыктарын бириктирүү, ошондой эле Бээжин менен Москванын ортосундагы теӊ ата алаканы камсыздоо үчүн таяныч катары каралып келген. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин февралдын башында жолукканда карым-катышты чыӊдоо ниетин бышыкташкан болчу.

Бирок Украинадагы согуш мындай теӊдештикти бузду, эксперттер эми бул абал эч качан калыбына келбеши мүмкүн деп эсептешет.

“Кытай Орусия менен кош тараптуу мамилесин да, көп тараптуу алакаларды да өнүктүрө алат. Бирок ШКУ Бээжин менен Москванын өз ара алакасында кыйла олуттуу мааниге ээ болушу керек, – деди Хайюн Ма. – Бирок Орусиянын согуш баштаганы ШКУнун баркын кайрадан карап чыгууга алып келет. Бул уюм өз ордун жаӊыдан аныкташы зарыл”.

ШКУнун үч жылга дайындалган жетекчиси 64 жаштагы Чжан үчүн уюмдун ишмердик нугун жаӊылоо милдети турат.

Европада Чжан менен чогуу иштеген Евробиримдиктин өкүлү айткандай, Брюсселде кызматта турган кезинде ал мунасалуу, дипломатияда “салттуу” нукту карманган киши экенин көрсөткөн. Бул жагынан ал соӊку кезде “бөрү жоокер” деп айтылып келген агрессияга, каршылашууга ыктаган кытайлык жаш дипломаттардан айырмаланат.

“Ал мунасалуу, иштиктүү киши”, – деди Чжан менен чогуу иштешип келген ЕБдеги башка бир кызматкер, өзүнүн атын атабай эле коюуну өтүнүп.

Чжандын мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөр Украинадагы согуштун регионго тийгизген терс таасирин жумшартууга мүмкүндүк берет.

Борбор Азияда Өзбекстан менен Казакстан Украинага гуманитардык жардам жиберишти да, бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сыйлай тургандыгын билдиришти.

Бул кадам Кремлге тикелей каршылыкты билдирбесе да, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү азыркы кезде Орусиянын баскынчылыгынан чочулап калганын, ошол эле учурда аны менен мурдагыдай мамилесин бузбай турууга умтуларын туюндурат.

Украинадагы согуш катуу жүрүп, Орусияда улутчулдук күчөп бараткан чакта бул региондогу өлкөлөр Кремлдин бутасына илинбей калуунун амалын издеп жатат. Алар ошондой эле Орусиянын экономикасынын төмөндөөсү бүтүндөй регионго оор таасир тийгизиши мүмкүн деген божомолго жараша сактанууга да аракет кылууда.

Москвадагы Карнеги борборунун кызматкери Темур Умаровдун пикиринде, Орусия мурдагыдай эле Борбор Азиядагы турумун сактап турат, бирок Москва Украинадагы согуштун саясий натыйжасынан улам эми алдыӊкы экономикалык күчкө айланган Бээжинге кыйла көбүрөөк ыктайт, ага миллиарддаган каражат жумшаганга да үлгүрдү дейт ал.

“Бир жагынан, Орусиянын аброюна доо кетти, ал жаман атты болуп калды, – дейт Умаров “Азаттыктын” кабарчысына берген маегинде. – Экинчи жагынан, Орусиянын Борбор Азияга жумшаган активдери да жок болуп кетпеди. Анын экономикага катышуусу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү таасири дагы эле сакталууда. Москва ички саясаттагы жагдайды Кытайга салыштырмалуу жакшы түшүнөт”.

1996-жылы Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан түзгөн “Шанхай бешилтиги” аттуу блок 2001-жылы ага Өзбекстан кошулганда ШКУ болуп өзгөртүлгөн. 2018-жылы бул бирликке Индия жана Пакистан да кирди. 2021-жылы Ирандын мүчө болууга берген арызы канааттандырылды, бирок ал расмий кабыл алынганга чейин техникалык жана юридикалык жол-жоболордон өтүшү кажет.

ШКУ Бээжин үчүн бул уюмдун башка мүчөлөрү менен болгон эзелки аймактык талаштарын жөнгө салууга таяныч болуп калган эле. Кытай бул блоктун өзөгүн башынан бери эле чыӊдоону көздөп келди, бирок анын бул аракетин уюмдагы башка бир ири держава – Борбор Азиядагы өз таасирин сактап калгысы келген Орусия кыйла чектеп турду.

Натыйжада ШКУ “жамандыктын үч башаты” (террорчулук, жикчилдик жана диний экстремизм) деп аталган багыттарга күч-аракетин топтоп, уюшкан кылмыштуулук, баӊги соодасы менен күрөшүүгө басым жасап калды.

ШКУ түзүлгөндөн бери анын мүчөлөрү бирдиктүү көз карашта эмес, каржылоо да жетишсиз, өкмөттөр ортосундагы ишеним начар деген сын пикирлер айтылып келет.

Атап айтканда, соӊку жылдары эки өлкөнүн кызматташуусу бекемделип жатса да, Бээжин өзүнүн таасир чөйрөсүнө кирет деп эсептеген Борбор Азиядагы Кремлдин кызыкчылыктарына этияттык менен карайт.

Путин менен Си Цзинпин 4-февралда Бээжинде жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы “чексиз” шериктештикти ырастаган документке кол койгондо алар Бээжин менен Москва жетектеген ШКУнун ролун күчөтүү керектигин да баса белгилешкен эле.

Бирок эми Кытай бул уюмдагы көп өлкөлөрдүн Орусиядан оолактап калганына байланышкан маселени чечиши керек. Мында Бээжин согушуп жаткан Москваны саясий жактан колдоп, Кремлдин Украинадагы согуштук ыктымал кылмыштарын айыптоодон баш тартууда.

“Кытайдын чоӊдугун жана географиялык ордун эске алганда, анын ролу күчөй берет, бирок ШКУ анча көп ийгиликтерге жетпейт, – дейт Умаров. – Бээжин азыр Орусиянын тарапкери, [ШКУнун] башка мүчөлөрүн чочулаткан Москваны тизгиндөөгө аракет кылбаган өлкө деп эсептелет”.

Кытай жоокерлери Бишкектен 200дөй чакырым алыстыктагы Балыкчыдагы “Эделвейс” майданында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) “Тынчтык мүдөө – 2016” биргелешкен аскердик машыгууларында. 2016-жыл, 19-сентябрь. Биргелешкен антитеррордук машыгууга ШКУ мүчөлөрү катары Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кытайдын аскерлеринен 1100 киши жигердүү катышты.

Кытайдын батыш кошуналары

Бээжинге бул маселелерди чечүү оӊой болбойт. Чжан Мин жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И украин чатагын жөнгө салууга ШКУнун арачылык кылуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты, бирок бул идея өлкөдө колдоо таппай, ошондон кийин расмий булактардан көрүнбөй калды.https://www.youtube.com/embed/W7eKYSTjaQ8?&&&fs=1&enablejsapi=1&rel=0

ШКУ өкүлдөрү “Азаттыктын” кабарчысынын Украинадагы согуш бул уюмдун келечегине кандай таасир этиши мүмкүн деген суроосуна жооп бербеди. Бирок Италиядагы Эл аралык саясий изилдөөлөр институтунун ушул жагдайды иликтеген кызматкери Жулия Шорати “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маекте аталган уюм жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү издейт деген пикирин айтты. Ал ШКУ соӊку жылдардагыдай коопсуздук эмес, экономика маселелерине көбүрөөк маани берип, Жакынкы Чыгышка жана Түштүк Азияга көӊүл бурат деп ойлойт.

“Кытайдын ШКУ үчүн жаӊы багыттарды бекемдөө мүмкүнчүлүгү пайда болду”, – деп өз оюн чечмеледи ал. – Бээжиндин түйшүгү мурункудан көп болот, бирок Кытайда ШКУ бул өлкөнүн региондогу жана анын чегинен сырткарыдагы таасирин арттыруу жагынан башка ишмердик багыттарын толуктайт деген пикир бар”.

Кытайдын Евробиримдиктеги элчиси болгонго чейин Чжан Жакынкы Чыгышта иштеген эле. Шаркеттин үч өкүлүнүн айтканына караганда, ал Бээжиндин Африкадагы эӊ таасирдүү экономикалык жак болууга жетишкен саясатын түптөгөндөрдүн бири болуп саналат.

ШКУнун түзүмү жана мандаты уюмдагы бир тараптын анын ишмердигине таасир этишине мүмкүндүк бербейт. Европа Биримдигинин Брюсселде Чжан менен иштешип көргөн кызмат адамдары ал жөн гана Бээжиндин ишенимине кирип, жаӊы ордунда кызматтык тепкичке эле көтөрүлдү дешет.

Фростбург мамлекеттик университетинин профессору Хайюн Ма айткандай, анын бул тажрыйбасы Бээжиндин жана ШКУнун региондогу өзгөрүүлөргө ыӊгайлашуусуна жана жаӊы мүмкүнчүлүктөрдү издешине жол ачышы ыктымал.

“Бүгүн ШКУ мурдагыдай барктуу эмес, – деп эсептейт ал. – Бирок Чжандын тажрыйбасы чоӊ, ал уюмду реформалап, кайрадан жаӊылап, экономикалык таянычка айлантууга көмөктөшүүсү мүмкүн”.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” баяндамачысы Рид Стэндиштин макаласы.

Комментарий жиберүү